• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда дыйкандар өз убагында сапаттуу үрөндөр менен камсыз болот

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов Кыргызстандын үрөн ассоциациясы жана айыл чарба үрөндөрүн алып келүүчүлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба үрөндөрү менен камсыз кылуу үчүн импорттоонун актуалдуу маселелери талкууланып, кепилденген жогорку түшүм алуу үчүн фермерлер жана дыйкандар бир гана сертификатталган үрөндөрдү менен ири үрөн ташып келүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын зарылдыгы жөнүндө маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле департаменттин директору Мамбетов 2024-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине республиканын фермерлери жана дыйкандары негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен өз убагында камсыздалаарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир үрөндүк материалды берүүчүлөр менен "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана отургузуу материалдарын алып келүү жаатында кызматташуу жөнүндө" меморандумдарга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий