• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

USAID Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандарды колдоо боюнча кризистик борборлор менен кызматташууда

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо жана аларга жардам берүү максатында 11 кризистик борбор жана жарандык коом уюмдары менен өнөктөшүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өнөктөштүктүн алкагында зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерге да көңүл бөлүнөт. Жаңы демилге бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык аялдар күнүнө арналган атайын иш-чаранын жүрүшүндө жарыяланды. USAID бул үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү боюнча демилгеге 1,1 миллион доллар бөлүп берди.

"Гендердик зомбулуктан жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча чаралар" аттуу демилгенин расмий бетачар аземи КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаева жана АКШнын КРдагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултердин катышуусу менен өттү.

"Дүйнө жүзү боюнча кризистик борборлор кыйын абалга кабылган аялдардын кайра калыптанып, өзүнө келүүсү үчүн маанилүү коопсуз жай болуп эсептелет. Жабыркагандар бул демилгенин алкагында психологиялык, социалдык, юридикалык жана экономикалык жардам алышат. Ошондой эле алар жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп, өз алдынча акча таап, жашоо-турмушун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", – деди Соната Коултер.

Бул жаңы каржылоо Кыргызстан боюнча – Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарында – иштеп жаткан 11 кризистик борбор жана жарандык коом уюмдары көрсөткөн юридикалык жана психологиялык колдоо кызматтарын жакшыртууга жардам берет. Мындан тышкары кризистик борборлордун кызматтары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын муктаждыктарына дал келүүсү жана улуттук стандарттарга ылайык болуусу үчүн USAID Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт.

Жаңыл Алыбаева гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

"КРнын 2026-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасынын алкагында, үй-бүлөнү колдоо планын түзүү, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар тараптардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу үчүн атайын механизмдер иштелип чыгат. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен социалдык жактан корголбогон жарандар үчүн мекемелер түзүлөт же аларга колдоо көрсөтүлөт", - деди ал.

Демилгенин дагы бир маанилүү багыты – бул бизнес идеяларды жүзөгө ашыруу менен кризистик борборлордун туруктуулугун камсыздоо. Келечекте кризистик борборлор тигүү цехтери же кир жуучу жайлар сыяктуу чакан социалдык ишканаларга айланып, зордук-зомбулукту башынан өткөргөн аялдар үчүн жумуш орундарын түзүшү мүмкүн.

Бул демилге USAIDдин "Жигердүү жарандар" жана "Конкуренттүү ишкана" долбоорлору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана башка өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, 2021-жылы КР Ички иштер министрлиги тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 151 учуру катталып, анын саны 2020-жылга салыштырмалуу 12 пайызга көбөйгөн. Бирок адистердин баасы боюнча катталбаган учурлардын жана жабыркагандардын саны алда канча көп.

Пикир

Оставить комментарий