Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Өлкө башчысы дыйкандарга суу маселесин чечип берген соң, жер салыгы жанданарын белгилеген.
"Дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторийди 2030-жылга чейин узарттым. 2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселесин чечип бүтөбүз, БСР, БДР куруп, каналдарды толук тазалап, керектүү жерлерге жаңыларын салып беребиз. Кыскасы дыйкандарга суу маселесин чечип беребиз. Ошондон кийин анан жер салыкты кайра жандандырабыз.
Бирок, урматтуу мекендештер бир нерсени эсиңиздерге сала кетейин. Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турат жана күчтүү болот. Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар", - деп жазган мамлекет башчы.
Пикир
Оставить комментарий