• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды.

Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону тапшырды. Маданий иш-чаралар өтө турган жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын дагы күчөтүү керектиги айтылып, ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлерин көзөмөлгө алууларын эскертти.

Ошондой эле Улан Ниязбеков эки ай бою аймактарды кыдырарын, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышарын белгиледи.

"Бир дагы жарандын арызы жана жеке кайрылуусу кароосуз калбашы керек деген принципте иш алып барууну тапшырам. Сентябрь жана октябрь айларында жеке өзүм бардык региондорду кыдырып чыгам. Кайсы жетекчи эмне жумуш жасап жаткандыгын жеринде көрүп, ошол эле учурда элге жолугуп, тиешелүү жумуш алып барбаган жетекчилерге координалдуу чечим кабыл алына тургандыгын эскертем", - деди ал.

Онлайн режиминде өткөн жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий