• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана өз алдынча иштеген 5 объекти аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы Биринчи май районунун Дэн Сяопин проспектисинин Ю.Фучик көчөсүнөн баштап Садыгалиев көчөсүнө чейин инвентаризациялоонун жүрүшүндө тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана өз алдынча иштеген 5 объектини аныктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аныкталган объекттер ар кандай багыттагы болуп саналат. Алар - "Адиш ата" ашканасы, "Carzone" унаа жуугуч менен техникалык тейлөө станциясы, "Daewoo" техникалык тейлөө станциясы, "Авто плюс" техникалык тейлөө станциясы, спорттук залдар.

Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы, борбордун тургундарына курулушту уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзбөөнү жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" КР Мыйзамын сактоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий