• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

2021-жылы бажы тармагында укук бузуулар боюнча 2 миң 250 иш козголду

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 2021-жылы бажы тармагында укук бузуулар боюнча 2 миң 420 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, ал 2020-жылга салыштырмалуу 76,5 пайызга көп болгон.

“Укук бузуулар боюнча 2 миң 250 иш козголду. Өндүрүлгөн айыптын төлөмү 10 млн 700 миң сомду түздү. Аныкталган кылмыш фактылары боюнча 170 материал сотко өткөрүлүп берилди. Булар боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 98,3 млн сомду түздү”, - дейт ал.

Исабеков кошумчалагандай, бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен бюджетке кошумча 243,5 млн сом түштү.

“2022-жылдын биринчи кварталында бажы тармагында укук бузуулар боюнча 689 фактысы катталды. Өндүрүлгөн айып сакциялардын суммасы 3,5 млн сомду түздү”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий