• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда "Электрондук эмгек китепчеси" модулу ишке киргизилүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы "Электрондук эмгек китепчеси" (ЭЭК) модулу ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Мындай жаңылык эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүп, кызматкерлердин иш стажы боюнча маалыматтарды санарип форматка өткөрөт.

Эмне үчүн маанилүү?

Эмгек китепчелеринин зарылчылыгы жок — бардык маалымат электрондук түрдө сакталат:

  • эмгек стажы боюнча маалыматка жетүү оңой;
  • документтерди жоготуу же жасалмалоо тобокелчилиги жоюлат.

Тутум кызматкерлер жана жумуш берүүчүлөр үчүн эсепке алууну ыңгайлуу жана ачыктыгын камсыз кылат. Пилоттук сыноо 2024-жылдын 1-декабрына чейин башталып, ийгиликтүү апробациядан кийин өлкө боюнча киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий