• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде күндүз айрым райондордо, ал эми 29-30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-апрелде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 29-апрелинен 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий