• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда электрондук түрдө 105 миңден ашык бала 1-класска катталды

Билим 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен 16-июлуна чейин балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына республика боюнча 105 миң 517 бала катталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиршкендей, авнын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

  • Ош облусу – 19 126 бала катталды;
  • Жалал-Абад облусу – 18 965;
  • Чүй облусу – 17 590;
  • Баткен облусу – 10 388;
  • Ысык-Көл облусу – 8182;
  • Нарын облусу – 4805;
  • Талас облусу – 4372;
  • Бишкек шаары – 15 993;
  • Ош шаары – 6096.

Учурда анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.

Каттоо 30-августка чейин созулуп, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.

Бишкек шаарындагы бош орундар бар мектептердин тизмеси – пдф (файл).

Пикир

Оставить комментарий