Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Ала-Тоо 24" телеканалына маек берип жатып айтты.

Министрдин маалыматына караганда, кызматкерлердин эң негизги көйгөйү маяна маселеси болчу.

"Мен кайда барбайын кызматкерлердин эң көйгөйлүү маселеси айлык маяна болчу. Буйруса энергетика кызматкерлери май айынын айлыгын мурдагыга салыштырмалуу 10-15%га жогору алышат. Биз муну менен эле токтобойбуз, айлык акы жылдан-жылга көтөрүлүп турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий