• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ташиев Кыргызстанда эрежесиз эр урушка тыюу салуу керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 02.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда эрежесиз эр уруштка тыюу салуу керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда билдирди.

Ташиев аны менен машыккандардын көбү майып болуп калып жатышканын белгиледи.

"Мунун бизге кереги жок. Ошол күрөшүп жүргөн балдар элүүгө чыкканда майып болуп, көпчүлүгү жашоого жөндөмсүз болуп калышууда. Бул спорттун эмес, мушташтын бир түрү. Бул спорт ал спортсмендердин өзүнө эле эмес, келечек муунубузга, коомубуздун туура эмес жака өнүгүшүнө багыт берип жатат. Спортсмен болгусу келген адам туура багыттагы спорт менен машыгыш керек. Динибизде дагы бул спорт жок. Спорттун башка түрүнө өткүлө”,- деди ал.

Ошондой эле Ташиев Күрөш федерациясынын бул маселе боюнча чара көрүүсүн суранды.

Пикир

Оставить комментарий