• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аскар Салымбеков: "Барселона" академиясынын ачылышы кыргыз футболу үчүн тарыхый окуя

Коом 0


Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Барселона" академиясынын ачылышы кыргыз футболу үчүн тарыхый окуя. Бул тууралуу Жалал-Абадда "Барселона" академиясынын ачылышында "Дордой" футбол клубунун негиздөөчүсү жана кожоюну Аскар Салымбеков билдирди.

Анын айтымында, бул кыргыз футболун өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет.

Ал белгилегендей, академиянын ачылышы балдарды футбол менен алектенүүгө шыктандырып, келечекте кыргыз командасынын дүйнөлүк рейтингдеги ордуна оң таасирин тийгизет

"Азыр Кыргызстан ФИФАнын рейтингиндеги 210 өлкөнүн ичинен ортосунда, "Барселона" академиясынын ачылышы менен келечекте футболчуларыбыз жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук кураманын рейтинги бир топ көтөрүлөт деп ишенем", - деди Салымбеков.

Белгилей кетсек, ушундай эле академия Бишкекте дагы ачылат.

Пикир

Оставить комментарий