• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Улуттук банк 500 сомдук банкноттордун өлчөмүндөгү айырмачылыкка комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Социалдык тармактарда өлчөмү ар башка болгон 500 сомдук жаңы сериядагы банкноттун видеосу тарады.

Улуттук банкттан билдиришкендей, видеого тартылган банкноттордун аныктыгын аныктоо, ошондой эле объективдүү баа берүү жана улуттук валютанын банкноттору үчүн белгиленген, талап кылынган сапатка жана өзгөчөлүктөргө ылайык келишин тийиштүү экспертизадан өткөрүү максатында ошол банкнотторду Улуттук банкка тапшырууну суранат. Комментарийлер банкнотторго тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.

Улуттук банк улуттук валютанын банкноттору эл аралык сапат стандарттарына ылайык даярдала турганын белгилейт. Даярдалган банкноттордун сапаты банкнотторду даярдоонун ар бир баскычында текшерилет.

Улуттук банк эгерде сиздерге шектүү банкнот/монета туш болсо, аны КР укук коргоо органдарына же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшыруу зарылдыгын, ал жактан адистер банкноттун аныктыгын текшере тургандыгын эскертет. Улуттук банк шектүү банкнотторду жана монеталарды экспертизага дүйшөмбүдөн тартып жума күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат.

Экспертиза жүргүзүү үчүн эч кандай акы алынбайт. Экспертиза мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашпайт.

Пикир

Оставить комментарий