Кыргызстанда ЭТТКны киргизүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынууда – МСК

Экономика 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) киргизүү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, Казакстанда көмүскө жүгүртүүнү азайтуу жана товарлардын айрым түрлөрүн ташууну контролдоо үчүн электрондук коштомо кагаз колдонулат. Бул система Казакстандын аймагы боюнча товардын ташылып келген же өндүрүлгөн учурдан тартып керектөөчүгө акыркы сатууга чейинки кыймылын жазат.

Ошондой эле Өзбекстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын системасы киргизилген. Киргизүү процесси этап менен өтөт: 2024 – жылдын 1-апрелинен тартып бул системаны ири салык төлөөчүлөр колдоно башташты, ал эми 2024-жылдын 1-июлунан тартып-бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер колдонот.

Россия ийгиликтүү санариптик түрдө транспорттук коштомо кагаздарды жана жол кагаздарын өткөрүп берүү боюнча сынактык долбоору ишке ашырылган. Бул долбоордун жүрүшүндө жүк ташуу процесси катышуучулар үчүн тезирээк жана арзан болуп, мамлекет үчүн ачык-айкын болоору аныкталды. Натыйжада, 2021-жылы товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасын ишке киргизишти.

Пикир

Оставить комментарий