• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы старт алды

Ден соолук 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 22-апрелден 28-апрелге чейин Европалык эмдөө жумалыгы өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Анара Мамбетисаева билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ (балдардык укугун коргоо боюнча эл аралык уюм) 20 жылдан бери эмдөө жумалыгын өткөрүүнүн негизги өнөктөштөрү болуп келет.

"Вакцияналар ДССУ, ЮНИСЕФ жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин тастыктоосунан кийин гана Кыргызстанга кирет. Ошондуктан ата-энелерди балдарын чоочулабастан эмдөөдөн өткөрүүгө чакырабыз. Эмдөөгө байланыштуу кандайдыр бир түшүнүксүз суроолор болсо Республикалык эмдөө борборунун колл-борборуна, же министрликке караштуу бардык пункттарга кайрылсаныздар болот", - деди ал.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско уюм Кыргызстанда калктын саламаттыгын чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Бул жылы жумалык ДССУнун Эмдөө боюнча кеңейтилген программасынын (ЭПИ) 50 жылдыгын жана Кыргызстанда улуттук эмдөө программасынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган.

"Мен ДСУУнун өкүлү катары эмдөө иштерине өзгөчө ынтызармын. Калктын саламаттыгы жана бакубаттуулугу Кыргызстан үчүн эле эмес бүтүндөй дүйнө коомчулугу үчүн өзгөчө маанилүү, айрыкча азыркы учурда. Эмдөө — бул вакцина алуу гана эмес, бул коомдо, өлкөлөрдө жана бүтүндөй дүйнөдө бакыбаттуулукту сактоо ишине карата жамааттык аракет. Эмдөө жугуштуу оорулардын гана эмес, айыкпас оорулардын дагы алдын алат", - деди ал.

"Кыргызстандагы балдардын ден соолугу жана аман калышы үчүн эмдөө абдан маанилүү. Бул ошондой эле эң үнөмдүү коомдук саламаттыкты сактоо чарасы. ЮНИСЕФ өкмөт жана башка өнөктөштөр менен ар бир баланын иммунизацияланышын жана корголушун камсыз кылуу боюнча иш алып барууну улантууда", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Сильви Хилл.

Өз кезегинде Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова өлкөдө балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу азайганын билдирди.

"Жарандарды эмдөө календарына ылайык эмдөөдө активдүү болууга чакырам. Вакциналар сапаттуу жана бекер, жашаган жериңизге келип, эмдөөдөн өтүңүз. Жарандар, ден соолугум жакшы, эмдөө алдым деп өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуңуздар", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий