• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөндө коронавирус жуктуруп алган жарандар аныкталды деген маалымат чындыкка дал келбейт – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде Ош облусунун Өзгөн районунда коронавирус жуктуруп алган жарандар аныкталды деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган учур катталган жок. Өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.

28-февралда Кара-Суу районундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу келген Кыргызстандын бир жана Россиянын эки жараны өткөн.

Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча (убактылуу обсервация) аларды андан ары кароодон өтүүгө саламаттык сактоо уюмуна жеткирди, бардыгынын абалы канааттандырарлык, респиратордук оорулардын, анын ичинде коронавирустун белгилери жок.

Пикир

Оставить комментарий