• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы өтүүдө

Ден соолук 0


Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) старт алды. Ал ушул жылдын 24нөн 30-апрелине чейин уланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Бул жылы жумалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) “Боштуктун ордун толуктоо” өнөктүгүнүн колдоосу астында уюштурулуп жатат. Өнөктүк дүйнө жүзү боюнча балдар арасында эмдөө көрсөткүчүнүн тынчсыздандырарлык деңгээлде түшүп кетишине байланышкан көйгөйдү чечүү максатын көздөйт.

"ЕЭЖ калкты жугуштуу оорулардан сактоочу негизги профилактикалык иш-чаралардын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Жумалыктын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылууга көмөктөшкөн вакциналарга бирдей жана кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө", - деп баса белгиледи министрдин орун басары.

ДССУнун Европа чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрү менен бирге 2002-жылы Кыргызстан полиомиелиттен эркин өлкө катары аныкталган. 2019-жылы ДССУ Кыргызстанды кызамыктан эркин өлкө деп тааныган.

"Акыркы жылдары ГАВИнин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстандын улуттук эмдөө календарына бир нече вакциналар киргизилген: 2016-жылы пневмококкко каршы вакцина (ПКВ), 2018-жылы полиомиелитке каршы вакцина, 2019-жылы ротавирус вакцинасы жана 2022-жылы адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы вакцина", - деди ал.

Арыкбаева кошумчалагандай, бирок, 2020-жылдан бери кээ бир балдар вакцинанын бир же бир нече дозасын, анын ичинде кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын өткөрүп жиберген деп болжолдоого негиз бар.

"Ата-энелер балдарын эмдөөлөрдүн толук курсунан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары вакцинанын бир да дозасын өткөрүп жибербеши үчүн, эгер өткөрүп жиберсе, мүмкүн болушунча тезирээ алышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгону маанилүү", - дейт ал.

Министрдин орун басар кошумчалагандай, иммунизация эмдөө алган адамдарды гана эмес, жамааттык иммунитеттин жардамы менен вакцина ала албаган адамдарды да коргойт. Эмдөө кабинеттери менен кошо 7 күн бою бардык аймактарда 76 мобилдик бригада да иштейт, алар профилактикалык эмдөө календарына ылайык, балдарды жана чоңдорду пландуу жана буга чейин алынбай калган эмдөөдөн өткөрүшөт. Ошондой эле жетүүгө оңой болбогон аймактарда COVID-19га каршы эмдөө да өткөрүлөт.

ДССУнун Кыргызстандагы Регионалдык директорунун атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин аткаруучу, доктор Шахин Хусейнов бул жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна 75 жыл толгондугун маалымдады.

"Акыркы ондогон жылдар бою Саламаттык сактоо министрлиги жана көптөгөн өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иштешип, калктын ден соолугун чыңдоо жаатында чоң ийгиликтерге жетиштик. Бул жетишкендиктерге вакциналардын натыйжалуулугу жана улуттук эмдөө программасынын ийгиликтүү иши себепчи болду. Кыргызстандын, ДССУнун жана башка өнөктөштөрдүн ортосундагы уланып жаткан кызматташтыктын аркасында биз COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгып, балдарды жана чоңдорду вакцинанын жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон коркунучтуу оорулардан коргоого багытталган иш-чараларды улантабыз деп ишенебиз”, - деди ал.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло билдиргендей, мындан бир нече күн мурда ЮНИСЕФ иммунизациялоо жөнүндө “2023-жылга карата дүйнөдөгү балдардын абалы: ар бир бала үчүн эмдөө” аттуу жаңы глобалдык баяндамасын чыгарды.

"Отчетто баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кадрларды чыңдоодон баштап, саламаттыкты сактоого жана иммунизацияга кеткен чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, гендердик тоскоолдуктарды жоюуга жана вакциналар менен вакцина продуктуларына жаңы инновацияларды киргизүүгө чейинки бир катар чечимдер берилген. Коомчулукту тартып, вакциналар жөнүндө жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү менен өткөрүлгөн бул иш-чаралар балдарды эмдөө масштабын калыбына келтирүү боюнча аракеттерибизге коомчулуктун катышуусун камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ болот”, - деди Кристина Бруджиоло.

Маалымат үчүн: жыл сайын ДССУнун Европа чөлкөмүндө Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өткөрүлүп келет. Бул өнөктүк оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн зор мааниге ээ болгон иммунизацияны кеңири таанытууга багытталган. ЕЭЖ биринчи жолу 2005-жылы өткөн жана ага чөлкөмдөгү саналуу гана өлкөлөр катышкан. “Ар бир бала вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу” деген маалыматты жайылтуу аркылуу көбүрөөк баланы эмдөө демилгенин максаты болуп саналат. ЕЭЖ дароо эле чөлкөмдөгү коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эң көрүнүктүү жана белгилүү өнөктүктөрдүн бирине айланып кетти.

Пикир

Оставить комментарий