• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын 6 бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Ден соолук 0


Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын алты бөлүмүндө оңдоп түзөө иштери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Дүйнөлүк банктын "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. 3 кабаттан турган бул имарат 1989-жылдан бери эч кандай капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөн эмес.

Долбоордун колдоосу менен эшиктерди, полдорду, канализация жана суу түтүктөрүн, жылытуу батареялары алмаштырылып ички жасалгалоо иштери толук канду жүрүп жатат. Муну менен бирге электр зымдары жаңыланып, палаталарга жаңы душ, санитардык түйүндөр орнотулууда. Мындан тышкары, ар бир бөлүмгө абаны желдетип тазалоо системасы орнотулуп, жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жакшы шарттар түзүлүүдө.

Долбоордун максаты КР өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, уюмдарга дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий