• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакында онкологиялык оорусу бар балдар үчүн дары-дармек сатып алуу үчүн тендер жарыяланат – вице-премьер

Ден соолук 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Жакында онкологиялык оорусу бар балдар үчүн дары-дармектерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

"Улуттук онкология жана гематология борборуна 2020-жылга химия дары-дармектерин сатып алуу үчүн бюджеттик каражаттан 160 млн сом бөлүнгөн. Учурда чоңдор жана балдар үчүн дары-дармектердин тизмеси аныкталып, тизмеге каттоодон өтпөгөн дары-дармектер кирди. Катталбаган дары-дармектерди Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат алуу үчүн тизме Саламаттык сактоо министрлигине жана дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине кароого жөнөтүлдү. Жакынкы күндөрү балдар үчүн дары-дармектерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланат. Бүгүнкү күнгө карата Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмү запастардын негизинде керектүү химия дары-дармектери менен камсыз болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий