• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы күрөшүү үчүн аялдар кеңештери жанданууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы күрөшүү үчүн аялдар кеңештери жанданууда. Бул тууралуу “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аялдар кеңеши тарыхый негизи бар, элге таанымал коомдук институт. Ал 1925-жылы Кыргызстандагы эмгекчил аялдардын I съездинде пайда болгон.

“Андан кийин аялдардын ишин илгерилетүү, алардын коомдогу ролу боюнча партиянын жардамчысы катары иш жүргүзүп келген. Бирок 1990-жылдан 2015-жылга чейин коомдун иши оор болгон, анткени ошол учурда мамлекетте жумушсуздук, жакырчылык, миграция күч алып, институт ишин алып бара алган эмес”, - деди ал.

Досалиева бирок ага карабастан институттун ишин жандандыруу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келгенин кошумчалады.

“Алсак, 2003-жылы аялдар кеңеши боюнча жобо иштелип чыгып, өнүгүү жолуна салуу аракеттери болгону менен ал колдоо тапкан эмес. 2010-жылдагы түштүктөгү кагылышуудан кийин мамлекет аялдардын ролуна көңүл бура баштаган. Анткени, ошондо аялдар кеңеши биригип, коогалаңды алдын алуу, жабыркагандарга, өзгөчө аялдарга жардам берүүдө аялдардын ролу чоң болгон. Андан кийин гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча өз алдынча аракеттерди көрүп келишкен. Бирок мында жергиликтүү бийлик менен тил табышуу кыйын болуп, колдоо болгон эмес. Ошондуктан 2021-жылы Кыргызстанда министрлер кабинети менен биргеликте, БУУнун жана Европа биримдигинин колдоосу менен “Теңдик нуру” долбоору ишке ашууда. Ошентип, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин колдоосу менен аталган долбоордун 12 пилотунда аялдар кеңешинин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү боюнча иш жүргүздүк. Мында аялдар кеңешинин өкүлдөрү КР мыйзамдарына, өзгөчө гендердик мыйзамдарга жана тынчтыкты орнотуу, коопсуздукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу жана каражат тартуу үчүн долбоор жазуу, гас методикасы менен иштөө боюнча үч этаптан турган окуудан өтүштү. Кийин кичи грантка 12 долбоор жазышып, анын ону колдоо тапкан. Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлде зомбулукту алдын алуу, балдар менен иштөө боюнча көп иштерди жүргүзүштү”, - деди ал.

Андан тышкары, ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 6 кабинет бөлүп берилип, алар утуп алган кайтарымсыз каражаттын негизинде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Дагы эки айыл өкмөтү өздөрү оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

“Аялдар кеңешинин кабыл алган жобосу айыл өкмөттөр тарабынан кабыл алынып, иш пландар түзүлүп, жаңы кадам менен иш алып барууда.

Бул иш-чаралардын бардыгы “Гендердик зордук-зоблутуктун алдын алууда “аялдар кеңешинин” ролун күчөтүү” деген долбоор “Аялдарды колдоо борбор” коомдук бирикмеси тарабынан аткарылып жатат”, - деди Досалиева.

Ал белгилегендей, учурда аялдар кеңеши боюнча 12 пилоттук коом бар:

  • Өзгөн районунун Куршаб жана Мырзаке айыл аймактары;
  • Кара-Суу районунан Кара-Суу шаары жана Нариман айыл аймагы;
  • Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы жана Талдуу-Суу айыл аймагы;
  • Кочкор районунан Кум-Дөбө жана Семиз-Бел айыл аймактары;
  • Сокулук районунан Сокулук жана Жаңы-Пахта айыл аймактары;
  • Аламедин районунан Ленинская жана Василевка айыл аймактары кирген.

Досалиева коомдук институционалдык туруктуулукту сактоо максатында айрым айылдык кеңештерге ноутбуктар берилип, айылдагы аялдар кеңешинин активдүүлүгү жакшы жолго салынганын кошумчалады.

Кара-Суу шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Дилфуза Атабаеванын айтымында, мурда аялдар кимдир бирөөлөргө жардам сурап кайрылгандан уялып, үй-бүлөдөгү көптөгөн көйгөйлөр жабык бойдон калып келген.

"Кечээ бизге никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугуна байланыштуу үй-бүлөдөгү мүлктү бөлүштүрүүдө көйгөй боюнча бир аял кайрылды, биз ага жардам берүүгө аракет кылдык, акысыз жардам бере турган адвокат таптык. Атасы менен агасы окуусуна каршы экенин айтып нааразы болгон кыз да кайрылды. Биз ага туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул көйгөйдү чечүүгө жардам бердик, азыр ал экзамен тапшырып жатат – окууга барат", - деди ал.

Атабаева белгилегендей, буга чейин эрте турмушка чыгуу жана ажырашуу боюнча Кара-Суу району биринчи орунда болчу. "Азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруунун натыйжасында жыйынтыктар бар", - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Минакан Иманкулова үй-бүлөнү, мамилени сактоо боюнча семинар-тренингдерди өткөрүп жатышканын билдирди.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте укук коргоо органдарына кайрылууга, коргоо ордерин алууга, убактылуу баш калкалоочу жай табууга жардам бере алабыз", - деди ал.

Ошондой эле, Өзгөн районунун Куршаб айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Аминахан Калыкова аларга көбүнчө үй-бүлөлүк чыр-чатактар ​​боюнча кайрыларын белгиледи.

"Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка биринчи кезекте социалдык абал, акчанын жетишсиздиги, жумушсуздук себеп болууда. Үй-бүлөдөгү мамилелерди жакшыртуу максатында жубайлар менен аялдын ортосундагы мамилеге көбүнчө кийлигишкен туугандар – кайын энелер жана кайын сиңдилер менен алдын алуу сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт. Эми эл үнүн көтөрүү да зордук-зомбулук экенин түшүндү", - деди ал.

Аламедин районунун Василевка айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Жаңыл Кенесариева быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттен мекеме-уюмдар тарабынан 100 миң сом бөлүнгөнүн, бул каражатка бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, жабырлануучулардын укугун коргоого жумшала турганын билдирди.

Маалымат жыйындын катышуучулары аларга жер-жерлерде иш бөлмөлөрү, компьютер жана канцелярдык каражаттар менен камсыз кылып жатышканын белгилешти. .

Пикир

Оставить комментарий