• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Жээнбеков транспорт министрин убактылуу иштен четтетип турууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен убактылуу четтетип турууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Бишкекте өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Бул кылмышка тиешелүү адамдардын баарын жоопко тартуу керек экенин белгиледи.

Эске салсак, 6-декабрда УКМК транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Жусубалиев акчаны Кыргызстанда курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн алган.

Ал фирманын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга баалап, буга чейин ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган.

Пикир

Оставить комментарий