• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда гепатиттин В түрү жокко эсе – гепатолог

Ден соолук 0

Бишкек, 28.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда улуттук календарь боюнча ымыркайларга гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жасалат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде медицина илимдеринин доктору, гепатолог Калыс Ногойбаева билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн натыйжасында бүгүнкү күндө өлкөдө 24 жашка чейинк жарандардын арасында гепатиттин В түрүнүн курч формасы жокко эсе.

"Кыргызстанда гепатиттин A, B, C, D жана E түрлөрү бар. Улуттук календарь боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга гепатитке каршы эмдөө жасалат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гепатиттин В түрү жокко эсе. Кээ бир балдардан чыгып атат, бирок аз санда. Алар учурунда эмдөө албаган балдар болууда. Ошондой эле биз эмделген балдардын арасында дагы изилдөө жүргүздүк. Алардын арасында дагы гепатит менен ооругандар чыкты. Бирок, алар эмдегенге чейин түйүлдүк кезинде энесинен жуктуруп алган балдар болууда. Жалпысынан алганда бүгүнкү күндө гепатиттин В түрү жокко эсе",-деди ал.

Дарыгер белгилегендей, гепатиттин бул түрү төмөндөгүдөй учурларда жугат:

  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда;
  • үй-бүлө мүчөлөрүнүн маникюр аспаптарын, тиш щёткаларын чогуу колдонгон учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө.

Маалымат үчүн: Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Илдет А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Пикир

Оставить комментарий