Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы "Таза Жан" үрөнчүлүк чарбасында Германиядан алып келинген жашыл төө буурчактын "денис", "мендоза" жана "ломка" жаңы сорттору сыноодон өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада "денис", жана "мендоза" сорттору эргежээл (сабактын узундугу 40-45 см), ал эми "ломка" сорту болсо сойлоочу экени аныкталды.
Белгилей кетсек, жогорудагы төө буурчактын жаңы сорттору үстүбүздөгү жылдын 28-майында себилген.
– "денис" сорту үчүн биринчи түшүм 8-июлда, акыркысы 30-августта, бардыгы болуп 7 жолу жыйналган. Анын кабыгынын узундугу 12-14 см, көлөмү ичке жана өңү кочкул жашыл түстө.
– "мендоза" сортунун биринчи түшүмү 25-июлда, акыркысы 30-августта алынган. Кабыктары узун келет, өңү болсо жашыл, ал эми уруктары ак түстө.
– "ломка" сортунун биринчи түшүм 20-июлда, акыркысы 30-августта жыйналып алынган, кабыгынын узундугу 12-13 см, түсү жашыл. Жалпысынан 5 жолу түшүм алынган.
Азыркы учурда дыйкан-фермерлер арасында бул өсүмдүккө болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондой эле 2025-жылда төө буурчактын жаңы сортуна өлкөнүн тоо этектеринде сынөө жүргүзүү пландалууда.
Пикир
Оставить комментарий