• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кербен шаарында жаңы RestPoint курулууда

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Аксы районунун Кербен шаарынын кире беришинде КРнын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан заманбап RestPoint курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда туристтер эң популярдуу жана көп каттаган туристтик маршруттар менен шаарлар аралык каттамдарда Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан RestPoint курулуп жатат.

"Ар бир RestPoint имаратында душ, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн даараткана, эне-бала бөлмөсү, намазкана, кофе ичүүчү жай болот. RestPoint кышында да иштейт. Жылытуу жана ысык суу күн коллекторлору аркылуу камсыздалат, канализациясы жок жерлерде автономдуу тазалоочу курулмалар курулат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, RestPoint куруу менен районго 8 млн сомдон ашуун инвестиция тартылып, ондогон жумуш орундары түзүлѳт.

Пикир

Оставить комментарий