Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда гилас өстүрүп жана мал чарбачылыгы менен алектенип чоң киреше алган фермерлер аныкталды Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Багбан Азамат Маджиков 1 гектар жерге 300 түп гилас өстүрүп, 4 тонна түшүм жыйнаган.
Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Ханзат Таалайбек уулу мал чарбасы жаатында Кыргызстандын чемпиону аталды. Ал 4 жылдан бери асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенип, ангус тукумундагы уйдан 1 тоннага чейин эт алат. Фермер бул бир топ кирешелүү чарбачылык багыт экенин белгилеген.
Анын айтымында, ангус породасындагы бир уйдан 3 жылда 1 тоннага чейин эт алса болот. Ал эми жөнөкөй тукумдагы уйлар 1 жылда 130-150 кг эт берсе, асыл тукум уйлар 600-700 кг эт берет. Азыркы учурда фермердин 40 баш асыл тукум мал-жандыгы бар. Алдыда алардын санын 350 башка жеткирүүнү пландоодо.
"Эгер ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келсе, министрлик сиз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк сунуштайт. 29-январда саат 10:00дө К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта ийгилик жараткан адистер жана фермерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен бөлүшөт",-деп айтылат маалыматта.
Аталган иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин кызматкерлерине кайрылсаңыз болот.
Байланыш номерлери: 0709-144 938 Элвира Мамбетова, 0770850015 Турат Идрисов", -
Пикир
Оставить комментарий