• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Транспорт министрлиги бийик ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда көпчүлүк ашууларда жаан аралаш кар жаап жатат, бирок жолдор ачык. Алсак:

- Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, майда кар жаап жатат, жол ачык. Кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери жүрүүдө. №9 ЖТИ тарабынан күзөт бар;

- Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда майда кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. Кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери жүрүүдө. №36 ЖТИ кызматкерлери жеринде иш алып барууда;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда жаан аралаш кар жаап жатат. Унаа жолдор ачык, №41 ЖТИ тарабынан күзөт бар.

- Бишкек - Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык. Кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери жүрүүдө. №23 ЖТИ кызматкерлери жеринде иштешүүдө;

- Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда шамаал болуп жатат. Каттам ачык. №3 ЖТИ тарабынан күзөт бар.

- Ош облусунун Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт, Катын-Арт, Бөдөбел ашууларында жолдор ачык, каттам бар. №960 ЖТИ тарабынан күзөт бар.

Пикир

Оставить комментарий