• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ош шаарында Элдик курултайдын делегаттары шайланды. Тизме

Курултай 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Ош шаарында экинчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйыны өттү. Ага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, жооптуу катчылар, делегаттар, шаар тургундары, жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Жыйындын катышуучуларына Элдик курултай жөнүндө маалымат жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо жөнүндөгү Жобого ылайык өткөрүү эрежелери тааныштырылды.

Андан соң, жыйындын күн тартиби бекитилип, шаар аймактарынан сунушталган делегаттар ачык добуш менен шайланды.

2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Бишкекте өтчү Элдик курултайга Ош шаарынан шайланган делегаттардын тизмеси:

№1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгы
1. Нурумбетов Балтагул Аттакурович;
2. Ырысалиева Айзада Камчиевна;
3. Нишанбаева Карамат;
4. Алимкулов Ибрахим;

№2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы
5. Ураимов Шерали;
6. Умаров Ойбек Хайруллаевич;
7. Сатыбалдиева Алимкан Узекеевна;
8. Миразимова Айдина Аманбаевна;
9. Баратов Баргыбай Арзыбаевич;
10. Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович;
11. Ташматов Кубанычбек Эргешович;

№3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы
12. Толубаева Сапаргүл Сатыбалдиевна;
13. Абдыкапаров Асанбек;
14. Абдыразаков Эркинбек;
15. Исмаилова Жумакан Аматахуновна;
16. Козубеков Талантбек Маданбекович;
17. Темирбаева Адалат Карабаевна;

№4 “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы
18. Сардалов Абдимуктар Сардалович;
19. Джумабаева Ташбү;
20. Тойчуев Заравшанбек Жакыпбекович;
21. Баргибаева Назгүл Муктаровна;
22. Абдалимова Гульжараханым;
23. Чымынтаева Калбү Базаровна;

№5 “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгы
24. Ибрахимов Собиржон;
25. Матмусаева Ръано Хаджиматовна;
26. Ахмаджанов Хашим Абдухалимович;
27. Абдукадыров Тохтасын;
28. Халикулов Алим Мамажанович;
29. Атажанов Адылжан Юлдашевич;

№6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы
30. Аккулов Абдижапар Ураимович;
31. Эргешбаев Улан Сатыбалдиевич;
32. Алимбаев Осмонбай;
33. Абдуллаева Жамила Кочкоровна;
34. Толубаев Бактыбек Батырбекович;
35. Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич;

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы
36. Мамаев Абдилазиз Абдырахманович;
37. Арзибаев Алмазбек Толонович;
38. Казыев Самат Курганбекович;
39. Сулайманов Рахматулла Урумбаевич.

Белгилей кетсек, шаардагы 7 аймактык башкармалыктын ар биринен жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга эки муниципалдык аймактан 4төн, калган беш аймактан 6дан өкүл сунушталып, жалпысынан 39 делегат шайланды. Шайланган делегаттар шаардын орчундуу 3 маселесин экинчи Элдик курултайда көтөрөт.

Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий