Кыргызстанда экинчи социалдык баалуу кагаздар сатыкка чыкты

Экономика 0

Бишкек, 02.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экинчи социалдык баалуу кагаздар сатыкка чыкты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев облигациялардын жайгаштырылышына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы биринчи жолу эң башкы инвестор болуу менен “Азия Банкынын” социалдык облигацияларынын 80%ын сатып алат. Андан түшкөн пайда социалдык тармакты насыялоого багытталат.

“Өлкөдөгү атамекендик компаниялар жана ишканалар Кыргыз фондулук биржасы аркылуу баалуу кагаздарды чыгарса, инвесторлор алат. Бул насыя сыяктуу эле, бирок биржанын инструменти менен инвестиция тартып келет. Муну менен жеке ишкерлер жана компаниялар ачык-айкын иштегендигин көрсөтүп жаткандыктан, банктар да аларга активдүү түрдө насыя берип баштайт. Ошондуктан биздин Кыргыз фондулук биржасына чыккан ишканалардын саны да көбөйүп баштады. Бул негизи эле кыргыз фондулук рыноктун экинчи демилгеси менен өнүккөн этап болуп калат деп ишенебиз. Учурда сырткы инвесторлордун баалуу кагаздар рыногуна кызыгуулары артууда. Көптөгөн компаниялардын рыноктук баасы төмөн. Бүгүнкү күндө биржага чыгып инвесторлор инвестиция тартып келсе, компаниялардын өсүшүнө чоң түрткү берет”, - деди Медет Назаралиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка 2022-жылдын ноябрь айында чыгарыла баштаган. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий