• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда интернаттарда 10 миңге жакын бала тарбияланат

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйналышында сөз сүйлөдү.

"Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси жок", - деди министр.

Кыргызстанда 10 жылдын ичинде интернаттык мекемелердин саны 117ден 137ге жетти. Ошол эле учурда аларда жашаган балдардын саны азайды", - деди ал.

Министрдин айтымында, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо максатында аймактык башкармалыктар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.

"Өткөн жылы 325 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Эмгек мигранттарынын 88 миңден ашык баласы аныкталган. Бардык үй-бүлөлөр менен камкордукка алуу зарылдыгы жөнүндө иштер жүргүзүлдү. Аныкталган балдардын 701 соттун чечими боюнча камкордукка алынган, 530 балага убактылуу камкордук берилген, 14 окуусун улантуу үчүн жалпы билим берүү мекемелерине кайтарылган, 100дөн ашык бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга, фостердик үй - бүлөлөргө жайгаштырылган", - деп маалымдады министр.

Пикир

Оставить комментарий