• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин отуруму өттү.

Парламенттен билдиришкендей, отурумга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышып, өз сөзүндө кеңештин негизги максаттарына токтолду.

“Жогорку Кеңеш аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган мыйзамдык базаны чыңдоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында жигердүү иш алып барууда. Айрыкча үй бүлө институтун, көп балалуу энелерди жана аялдар арасындагы ишкердүүлүктү колдоо, бардык чөйрөдө гендердик балансты камсыздоо артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири”, – деди ал.

Муну менен катар аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролун жогорулатуу максатында да алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын айткан төрага: “Алсак, мыйзам аркылуу жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота бекитилген. Мындай тажрыйба саналуу өлкөлөрдө гана бар. Андан тышкары, Жогорку Кеңешке да айым депутаттардын шайланып келүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда парламентте 20 айым депутатыбыз болсо, үч министрликти да айым жетекчилерибиз башкарууда”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле өлкөдөгү айрым көйгөйлөргө токтолуп, эмгек мигранттарынын балдарынын тагдыры тууралуу да сөз кылды.

“Ички жана тышкы миграциялык агым, ата-энеси жок чоңоюп жаткан балдардын көйгөйлөрү көпчүлүк учурда көз жаздымда калып келет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин акыркы берген маалыматына таянсак, Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миңден ашуун бала жакындарынын колунда калган. Бул биз үчүн чоң трагедия. Себеби, ата-энесин узак мөөнөт көрбөгөн балдарда психологиялык жана социалдык көйгөйлөр пайда болуп, өз өмүрүнө кол салгандар да бар экенин баарыбыз көрүп жүрөбүз. Андыктан бул жаатта жигердүү иш алып баруубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, жыйынды алып барган төраганын орун басары Жамиля Исаева Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин ишине көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип: “Саясий эрк жана ар тараптуу колдоо бардык көйгөйлөрдүн чечилишинде өзгөчө мааниге ээ”, – деди.

Ал эми Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Шарапаткан Мажитова кеңештин 2023-жылдагы аткарган иштери тууралуу маалымат берип, өткөн жылы аймактарда бир катар жолугушуулар өтүп, түрдүү талкуулар уюштурулганын белгиледи.

Ошондой эле жыйында түрдүү тармактар боюнча кеңештин алкагында ишке ашырылуучу пландар тууралуу баяндамалар жасалды.

Эскерте кетсек, Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу консультативдик-кеңешмелик орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий