• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстанда ири масштабдагы турак жай курулушу улантылууда

Экономика 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда ири масштабдагы турак жай курулушу улантылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулуш секторунун негизги капиталына 30 млрд сомдон ашык инвестиция жумшалып, республика боюнча 12 миң 659 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.

“Жалпысынан 8,4 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди, алардын жалпы аянты 1 млн 086,4 миң чарчы метрди түзөт. 2024-жылы дээрлик 230 социалдык объект пайдаланууга берилди, ага республикалык бюджеттен 13 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев

Пикир

Оставить комментарий