Кыргызстанда ирригация тармагына каралган 700 млн сом толук каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылга "капиталдык салымдар" беренеси боюнча ирригация тармагына 700 млн сом каралып, толук каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат ирригациялык объекттерди курууга жана реконструкциялоого каралган.

"2023-жылдын 31-октябрына карата каралган каражат толугу менен 100% каржыланды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий