• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

10 айда санариптик долбоорлорду ишке ашырууга 499,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылга "Санариптик экономика" санариптик трансформациясынын долбоорлорунун ишке ашырууга 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 айдын жыйынтыгы менен КР министрлер кабинетинин чечимдерине ылайык, 500 млн сомдон 499,7 млн сому бөлүндү, калдыгы 0,3 млн сомду түзөт.

Ушул аралыкта министрликтер жана ведомстволор тарабынан аталган каражаттын 34,6 млн сому өздөштүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий