• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда "Ишкер24" мобилдик тиркемеси активдүү жайылтылууда

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Ишкер24" мобилдик тиркемеси активдүү жайылтылууда.

"Ишкер24" – өлкөнүн ишкерлеринин ишмердүүлүгүн автоматташтырууга багытталган санариптик салык жана финансылык кызматтарды камтыган бирдиктүү мамлекеттик чечим.

Санариптик чечим салык реформасын ишке ашырууга көмөктөшүү, мамлекеттик органдарга барууну азайтуу, чакан жана орто бизнеске өз ишканасын алыстан башкарууга жардам берүү, ошондой эле өлкөнүн санариптик күн тартибин өнүктүрүүгө жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга багытталган.

Тиркемеде төмөнкүлөр жеткиликтүү:

  • жеке ишкерди онлайн каттоо (ИП);
  • жеке ишкердин күбөлүгүн электрондук форматта кароо;
  • банкта эсеп ачуу.

Эскерте кетсек, долбоор Кыргызстанда пилоттук режимде 2024-жылдын февраль айында башталган жана бүгүнкү күндө "Ишкер24" тиркемесинин колдонуучулары 1 миң 751 жеке ишкерге жетти.

Пикир

Оставить комментарий