• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция кызматкерлеринин кармалышы. Алты жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Бүгүн Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Тактап айтканда, ИИМдин буйругу менен милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, Бишкек ШИИББнын башчысы кызматынан, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов, Бишкек ШИИББнын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан, милициянын полковниги Мухтарбек Токтогулов, Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан, милициянын полковниги Азамат Имангазиев, Чүй ОИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан бошотулду.

Ошондой эле милициянын полковниги Мыктыбек Болушев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, ал эле үчүнчү башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча) башчысы (Ош шаары) кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына, милициянын полковниги Азенбек Козукеев, Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Асрор Тантиев, Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Ал эми милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, Талас ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын башчысы кызматына дайындалды.
Андан тышкары, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын 5 жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Бишкек ШИИББнын 3
жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Чүй ОИИББнын 4 жетекчилик курамдагы кызматкерлери ар кандай тартиптик жазаларга тартылышты.

Эскерте кетсек, күн мурун УКМК Бишкек шаарында синтетикалык баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалгандыгын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий