Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте энергетикалык долбоорлор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраева Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Джасер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы биргелешкен CASA-1000, Тамга Каракол 220 кВ аба электр линиясын куруу, Бишкек шаарын жана Аркин массивинин электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоорлорун талкуулашты.

Министр Ислам өнүктүрүү банкына биргелешкен энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар учурдагы жана алдыда боло турган биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү аяктоо үчүн эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте жалпы суммасы 150 млн долларды түзгөн 2 долбоорду ишке ашырып, 2 долбоорду аяктоодо.

Ошондой эле тараптар Кыргызстанда да, бүтүндөй аймакта да энергетикалык коопсуздугун чыңдоо үчүн да Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык балансты өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгилешти.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Джасер ислам өлкөсүндө газга болгон потенциал жогору болсо, Кыргызстанда электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциал көп экенин баса белгиледи.

"Кыргызстан натуралдык таза сууга бай өлкө. Силердин суу бүтүндөй Борбор Азияны камсыздай алат. Силерде электр эенргиясын өндүрүүгө болгон мүмкүнчүлүк жогору. Сууну кандай туура пайдалансаңар, ошондой ийгиликке жетесиңер", – деди ал.

Сүйлөшүүнүн аягында министр Аль-Жасер жана анын командасын Камбар-Ата-1 ГЭС куруу долбооруна басым жасоо менен жакында өтө турган Кыргызстандын энергетикалык долбоорлоруна арналган эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Энергетика министрлиги менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койду.

Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ислам өнүктүрүү банкынын IBR аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрагим Али Шукри кол койду.

Пикир

Оставить комментарий