• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Adidas”, “Reebok” жана “Tango” бренддеринин жасалмаларын Кыргызстанга киргизбөөнү суранышты

Экономика 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. “Adidas”, “Reebok” жана “Tango” фирмаларынын өкүлдөрү Кыргызстандын бажы кызматын алардын брендин жасалма жол менен колдонгон товарларды өлкөгө киргизбөөнү суранат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында жарыяланды.

Аталган компаниялар алардын товарынын белгилерин бажы реестрине кошуу боюнча арыз жазышкан.

Эскерте кетсек Мамлекеттик бажы кызматы учурда бул маселени карап жатат.

Ошондой эле, аталган мекеменин сайтында Кыргызстандын бажы кызматы “Adidas”, “Reebok” жана “Tango” брендинин интелектуалдык менчигин коргоо боюнча бардык чараларды көрүүнү убада кылат , жана чек ара аркылуу өтүп жаткан товарларды дыкат көзөмөлгө алат деп жазылат.

Пикир

Оставить комментарий