Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду.
УИА Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 10-мартта саат 03:07лер чамасында катталган.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жапа чеккендер жана курмандыктар жок.
Пикир
Оставить комментарий