Милиция: Жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында бүгүн жарандарды чогултуп жатышкан уюштуруучуларга каршы агрессивдүү чакыруулар чыгууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милиция ушуга байланыштуу жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

"Ал эми митингдин уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын сактап, жарандардын жана шаардын конокторунун коомдук жашоосуна аралашпоо керек. Шаардык милиция функционалдык милдеттерине ылайык кызматын өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий