• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бүгүн саат 12:22де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта, Алматы шаарынан 40 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 4 балл, Кумтөр кенинде, Бишкек жана Каракол шаарларында 3,5 баллга чейин сезилди.

Пикир

Оставить комментарий