• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. / Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн.

“Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүлүк колдонгон АИ-92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай баада сатылып жатат. Өлкөдө орто эсеп менен АИ-92 маркасындагы бензин 62 сомдон болууда”, - деди ал.

Эшатов бензиндин баасы Россиядан көз каранды экенин, ал тарап бааны көтөрсө, кайра бизде да бензиндин баасы жогорулай турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий