• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанда кайсы адистиктер боюнча бош жумуш орундары бар? Министрдин жообу

Коом 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "Кабар" агенттигине чакан маек куруп, өлкөдө жумушсуз жарандарды ишке орноштуруу, эмгек рыногундагы суроо-талапка ээ болгон бош орундар, кыска мөөнөттүү кесиптик окутуулар тууралуу айтып берди.

— Саламатсызбы, Жылдыз Арстанбековна. Мигранттарга, жумуш орундарына байланыштуу суроолорубузга жооп берсеңиз. Анткени, жакында эле чет жерде жүргөн мекендештерибиз Россияда кыргызстандык эле эмес, жалпы эмгек мигранттарга болгон талаптар катаалдашарын айтып, соцтармакта кабатырлануусун билдирүүдө. Эгерде мекендештерибиз Кыргызстанга кайтып келсе, аларга жумуш табылабы?

- Саламатчылык. Чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз массалык түрдө кайта баштайт деп айтууга негиз жок. Ошол эле учурда алар Кыргызстанга келе турган болсо иш орундары жетиштүү. Өзүңүздөр билгендей акыркы жылдары өлкөбүздүн экономикасы туруктуу өнүгүүдө. Социалдык, инфраструктуралык жана ар кыл деңгээлдеги өндүрүштүк обьектилер курулууда. Буга байланыштуу эмгек рыногунда жумушчулардын тартыштыгы байкалууда. Айрыкча куруучулар жана жеңил өнөр жайда тикмечилерге суроо-талап өтө жогору болууда.

Эмгек министрлиги иш менен камсыздоого көмөктөшүү үчүн аймактык башкармалыктар аркылуу иш берүүчүлөр менен бош орундарды талдоо боюнча иш алып барат. 2024-жылдын 1-августуна карата жыл башынан бери топтолгон бош орундардын саны 14 миң 317ни түздү. Алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон жана бул орундарга иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында кайрылган 7 миң 879 жумушсуз жаран ишке орноштурулган. Белгилеп кетүүчү жагдай, министрликтин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында акысыз кызматтар көрсөтүлөт.

— Бош орундар кайсы тармактарда суроо-талапка ээ болууда?

— 2024-жылдын 1-август айына карата 7 848 бош жумуш оруну бар. Төмөнкү кесиптер боюнча жумуш орундары бош жана кесипкөй адистер талап кылынат:

- мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203;
- саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 587;
- адистер – 150;
- кассирлер – 186;
- соода агенттери – 115;
- Мменеджерлер - 46;
- бухгалтерлер – 39;
- юристтер – 32;
- экономисттер – 29;
- инженер-механиктер – 13;
- психологдор – 13;
- тигүүчүлөр – 2112;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 576;
- айдоочулар – 617;
- кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 1034;
- ар тараптуу жумушчулар – 2096.

— Бул тармактарда орточо эмгек акы канча сомду түзөт?

— Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 миң 866 сом, курулуш – 34 миң 554 сом, соода сатык – 37 миң 601 сом, унаа тармагында – 46 миң 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 миң 679 сом, финансы тармагы – 62 миң 298 сом, билим берүү тармагы – 25 миң 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 миң 368 сомду түзөт.

Министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылган жарандар эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү жана кесип тандоо боюнча кеңештерди ала алат.

Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан жумушсуз жарандар кыска мөөнөттүү кесиптик окутууга акысыз окуй алышат. Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт. Алар: компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтери, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник, аары багуучулук жана башка.

Ошондой эле убактылуу ишке орноштуруу тартибинде кесиби жок жарандарга коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылат. Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Бул жааттагы маалыматтарды zanyatost.kg сайтынан республика боюнча бош орундар жана даректери менен тааныша алат.

Пикир

Оставить комментарий