• 87
  • 91.26
  • 0.84

Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы өттү

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда 10-декабрь Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнүнүн алкагында өлкө боюнча 2-декабрдан 11-декабрга чейин калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы өттү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын мониторинг жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы Чолпон Бакирова билдирди.

Анын айтымында, декаданын алкагында жалпысынан 10 миң 593 жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.

"Анын ичинен аялдар – 5910, эркектер – 4683 болду. Эгерде аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, Бишкек шаары – 1803, Чүй облусу – 1085, Талас облусу – 627, Жалал-Абад облусу – 2451,Баткен облусу – 701, Ош облусу – 2765, Ысык-Көл облусу – 529, Нарын облусу – 632 жаранга акысыз юридикалык жардама көрсөтүлдү", - деди ал.

Юстиция министрлигине караштуу Чүй облусу боюнча Юридикалык жардам кызматы боюнча адис Рахат Карасартова укуктук кеп-кеңештерди берүү өнөктүгүндө жарандардын 80 пайызы үй-бүлөлүк укукка байланышкан суроолор берилгендигин белгиледи.

"Декаданын алкагында жарандар көбүнчө башка суроолорго караганда жер, үй-бүлөлүк маселелер, социалдык камсыздоо, документтештирүү боюнча суроолор менен көп кайрылышты. Мисалы, кээбир адамдарда буга чейин таптакыр жери болгон эмес, жерди каттатууда кимге кайрылам деген сыяктуу суроолор көп келип түштү. Ошондой эле кайрылгандардын 80 пайызы үй-бүлөлүк укукка байланышкан суроолорду беришти. Алардын көбү ажырашууда үй кимге кандай калат, баланы ким карайт деген маселелер боюнча суроолор менен кайрылгандар болду", - деди ал.

Ошондой эле Чолпон Бакирова декаданын жыйынтыгында 50гө жакын жаран реестрге катталып, көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, декаданын негизги максаты – калктын аялуу катмарын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Пикир

Оставить комментарий