Кыргызстанда бардык Калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-январдан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык ири Калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

"Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда саат 08:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Бирок, пилоттук мезгилдин натыйжасында, Калкты тейлөө борборлорунда кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын муктаждыктарына багытталган сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга умтулат.

Сиздер 08:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз жаңы иш графигинде иштеп жатышкан Калкты тейлөө борборлоруна келип, кызмат алсаңыздар болот.

КТБнын иши жөнүндө кеңири маалыматты 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).

Пикир

Оставить комментарий