Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда суурлардын саны 345 миң 554ге жетет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.
Агенттиктин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин кызматкерлери суурлардын санын алышкан.
Учурда Кыргызстандын аймагында суурдун үч түрү байырлайт: боз суур, кызыл суур жана Мензбир сууру.
2016-жылы боз суурдун саны 91 миң 705, 2017-жылы 124 миң 294, 2018-жылы 132 миң 635, ал эми 2019-жылы 159 миң 66га жеткен.
Ошол эле учурда 2016-жылы кызыл суурдун саны 169 миң 910, 2017-жылы 166 миң 553, 2018-жылы 164 миң 304, 2019-жылы 174 миң 37 болгон.
Ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Мензбир суурунун саны 2016-жылы 13 миң 96 болсо, 2017-жылы 12 миң 414, 2018-жылы 13 миң 114, 2019-жылы 12 миң 451ди түзгөн.
Пикир
Оставить комментарий