• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 19 миңдей адам кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасы аркылуу турак жай алуу үчүн кезекте тургандардын саны 19 миңге жакын. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутатарына айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 млрд сомго 9 миң 346 насыя берилгенин маалымдады.

"Учурда кезекте 18 966 жаран турат. 2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделип жатат", - деди Шыкмаматов.

Пикир

Оставить комментарий