• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Экономика 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетээри болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында кант өндүрүүчү 2 ишкана иштеп жатат: "Кайында-Кант" жана "Кошой" ААК. Заводдор кант кызылчасынан да, кант камышынан да кант чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий