• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда кара металл сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Экономика 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 15-августунда кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргызстандын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө № 476 токтомго кол койду.

Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Экономика жана коммерция министрлигине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий