• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда каракчылыкка шектелген жаран Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектүү Кыргызстандын жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Баткен облусунун аймагында кылмышка шектүү А.М. аттуу жаран башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, 1 млн 30 миң доллар, же 62 млн 170 миң 800 сом акча каражатын каракчылык менен ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Шектүү жакында кармалып, КР Башкы прокуратурасы Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Польшанын ыйгарым укуктуу органдарынын жана Кыргызстандын ардактуу консулунун көмөгү менен Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды.

Учурда аталган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий