Бишкек, 16.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстанда 2025-2026-жылдары жүрөк алмаштыруу операциясын жасоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер жүрөк алмаштыруу боюнча тажрыйба алуу максатында Россия, Түркия жана Индиянын ооруканаларына жөнөтүлүп жатат.
“2024-жылы кыргыз медицинасы орган алмаштыруу боюнча чоң жетишкендиктерди багынтты. Бул жылы мамлекет башчынын демилгеси жана колдоосу менен 80ге жакын бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып, анын 24тү президенттин фондунан каржыланды. Донорлордун жоктугунан бөйрөк алмаштыруу операциясы жумасына бир-экиден жасалууда. Андан тышкары, боор алмаштыруу операциясы, 2 айдан бери сөөк чучугун алмаштыруу операциялары жасалып, жыйынтыгы абдан жакшы болууда”,- деди Бейшеналиев.
Ошондой эле министр маалымдагандй, адистер Россияда, Кытайда, Индияда, Түркия жана Монголияда окуп келип, биринчи кохлеардык имплант коюу операциялары жасала баштады.
Белгиленгендей, 2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 22 млрд сом болсо, 2025-жылга 46 млрд сом бөлүнөрү күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий